“Бакубат Талас” фонду Кайыңды айыл өкмөтүнүн Арал айылында таза суу маселесин чечүү үчүн 300 миң сом каражат бөлүп берди. Бул каражатка 3.5 км аралыктан айылга суу тарттырып келгенге трубалар жана 5 тонна цемент алынды. Бул трубалар аркылуу 27 түтүн, 150 киши таза суу менен камсыз болмокчу.
Фонд тарабынан Кайыңды айыл өкмөтүнө болгон буга чейинки долбоорлор:
- Кайынды айылынын Келечек, Бакыт жана Ак-Булак көчөлөрүн бойлогон суу түтүктөрүн орнотуу үчүн материалдарды сатып алуу;
- Нылды айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрүн оңдоо;
- Нылды айылындагы О.Израилов атындагы орто мектебине жабдууларды сатып алуу жана ашкананын тегерегин тосуу;
- Сары-Булак айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн материалдарды сатып алуу;
- Нылды айылы, О.Израилов атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоо;
- Манас районунун Кайынды айыл аймагынын бала бакчасына эмеректерди, шейшептерди, тиричилик техникаларын жана ашкана идиштерин сатып алуу.
Свежие комментарии